Мэрия шаардыктарга жана конокторго Тыныбекованын күрөшүн көрүп, күйөрмандык кылууга шарт түзүү максатында борбордук «Ала-Тоо» аянтына LED-экран орноткон.

Бишкек мэриясы спортчу Айсулуу Тыныбекованын Токио Олимпиадасынын финалындагы күрөшүн «Ала-Тоо» аянтындагы LED-экрандан көрүп күйөрмандык кылууга чакырды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 4-августта, Айсулуу Тыныбекова  кыз-келиндер күрөшү боюнча (62 килограмм салмак категориясында) финалда япониялык Юкако Кавайи менен Олимпиаданын алтын байгеси үчүн ат салышат.

Мэрия шаардыктарга жана конокторго Тыныбекованын күрөшүн көрүүгө жана ага күйөрмандык кылууга шарт түзүү максатында «Ала-Тоо» аянтына LED-экран орноткон.

Жалпы күрөштөр саат 15:00дө башталмакчы.

Шаар бийлиги бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактап, бет кап тагынууну, аралыкты сактоону жана антисептиктерди колдонууну унутпоону эскертти.

Кыргызстандан Токио шаарында XXXII жайкы Олимпиадага 16 спортчу аттанган. 23-июлда башталган олимп оюндары 8-августта аяктайт. Азырынча Кыргызстандын байге капчыгында күрөш боюнча алган бир күмүш жана бир коло медалы бар. Күмүш байгени өлкөсүнө Акжол Махмудов, ал эми коло байгени Мээрим Жуманазарова тартуулады.