Бүгүн, 4-августта «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан Шарипов келди. Бул туурасында «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.

«Атактуу мекендешибизди Кыргыз өлкөсүндө тосуп алганыбызга кубанычтабыз жана дайыма даярбыз. Жайкы эс алууңуз жагымдуу өтсүн», — дешти маалымат кызматынан.

Салижан Шарипов Ош облусунун тургуну. Орус космонавты, Россия Федерациясынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры. Эки жолу космоско учкан.