Ленинград облусунда Украинанын жараны кыргыз жаранын бычак менен сайган. Бул тууралуу “Moika78” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, шейшемби күнү кечинде полицияга тез жардам кызматынын диспетчеринен «Алтын кум» коттедж шаарчасындагы үйлөрдүн биринде бычактан жараат алган жаран тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине барган полиция кызматкерлери эки жумушчунун урушуп кеткени аныкташкан. 29 жаштагы Украинанын жараны 25 жаштагы Кыргызстандын жаранын көкүрөгүнө бычак менен сайган. Экөө тең жумушка расмий түрдө орношкон эмес  жана курулушта жашашкан.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жаткырылган. Шектүү бир нече сааттан кийин кармалган. Ага атайылап денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.