Бүгүн күн өзгөчө кубанычтуу кабар менен башталды. Айылдан бөлөм келет экен. Ал жогорку окуу жайга тапшырып, биз менен чогуу жашайт деп айтышты. Өзүм үйдө жалгыз кыз болгондуктан ар убак сиңдим же эжем болуусун каалап келгем. Бөлөмдүн биздин үйгө келиши менин бир кыялымдын ишке ашканы сыяктуудай сезилди. Чогуу тамак жасап, чогуу сейилдеп, чогуу тамаканып, чогуу киного барсак деп толтура план да түзүп жибердим.

Эртеси таңга жуук бөлөм келди. Кучактап кое бербейм. Апам болсо, “болду эми белин үзөсүң байкуштун, ары-бери сеңселте берип” деп күлүп калды. Үйүбүз толуп, бапырап эле, айылдан келген жемиштерден ооз тийип жатып калдык. Жолдон чарчап келген бөлөм жуунуп алып кыйшая уйкуга кетти. Ал турганча тамак жасап, алып келген кийимдерин иреттеп, айтор коноктун камын көрдүм.

Бөлөм ойгонгон кезде апам, “кызым бөлөңө шаарды көрсөтүп кел, өзүң да көптөн бери онлайн экзамен берип үйдөн чыга элексиң” деп калды. Бул сунуш мага майдай жакты. Чын, көптөн бери китептен башты көтөрбөй окуу менен алек болдум.

Кечинде кооз кийинип бөлөм экөөбүз аллея аралай басып чыктык. Бөлөм кайсы окуу жайга тапшырсам, кайсы жерде эмне бар деп сурап баратты. Билгенимди айтып баратам, бирок, көзүмө бүгүн шаар кыйла башкача көрүндү.

Биз баскан көчөдө жаш балдар көп, чурулдап чуркап ойношот. Чолок шым кийип, чычайта чылым кармаган кыздар, оозун түйрүп түтүнүн көккө үйлөп отурушат. Карыган орус чоң апалар колдорун жайып, моюндарын оңго солго бурап бой түзөшүп, физарядка жасашат.

Четтеги отургучта эки кыз отуруптур. Отургучтун аркы бурчуна бөлөм экөөбүз отурдук. Кыязы экөө курбу кыздар окшойт. Бирөөсү улам телефонун карап да сүйлөп да жатты.

— Айка.. мен деле Азага жамандык кылайын, мамасы менен урушайын деген ниетте тийген жокмун да. Жанагы карындашы жок нерсени чыгарып уруштура берет. Анын сөзүнө мамасы да ишенет. Бая күнү үйгө коноктор келген. Аларга стол жасадык. Мен жасаган салаттарды, таттууларды бүт кызым жасады деп айтты. Элестет мага кандай катуу тийди. Тийген соң айла жок чыдайт экенсиң да. Кээде кетип эле калгым келет,-деп курбусуна ичиндеги бугун айтып жатыптыр.

Алардын сөзүн аңдыгандай болбойлу деп биз туруп кеттик.

Негедир менин көзүмө отургучтарда, бактардын түбүндө уктап жаткан селсаяктар көптөй көрүндү. Бөлөм таң кала аларды бир карап, мени бир карап жанымда келе жатат. Байкашымча селсаяктардын жашы кыйла жашарыптыр. Анткени мен кичинекей кезде ушул жолдон апам менен өткөндө жашы улгайган, сакалдары өскөн, жүдөңкү селсаяктар кезигет эле. Кээ бирлери 20 сом сурап кайрылчу.

Бөлөмө карап:

-Карасаң шаарда селсаяктар кыйла көбөйүптүр. Арасында жаш аялдар да бар экен. Булар эмнеден улам бул жолго түштү. Балким арасында билимдүүлөрү деле болсо керек э,-дедим.

— Эсиңдеби бир жылдары бир селсаяк шаарлардын атын шатырата айтып интернетке чыкпады беле. Ага паспорт жасап беришкен, бирок кайра эле ушул жолго түшүп кетти деп жазышпады беле,-деп калды.

— Бизге биринчи курста окуп жүргөндө бир эжейбиз, адам көзүн жаман нерселерден сактоо керек. Анткени негатив көз аркылуу кирет дечү. Жолдон селсаяк көрсөңөр, чачылган таштанды же кир нерсе көрсөңөр көп маани бербей жагымдуу нерселерди ойлогонго  аркет кылгыла деген, — дедим.

— Карасаң тээ таштандыны тытып жаткан жаш эле жигит экен. Ушул кантип иштегенге болбосун. Таштандыны бүт чачты, ары жакта иттер жүрөт. Алар аны алысыраак сүйрөйт, анан кантип шаар тазаланат,-деп бөлөм мурдун чүйрүп койду.

Улам күүгүм тартып, күн кечтеп барат. Биз айылдагы бала чактагы күндөрдү эстеп, бир күлүп,бир кайгырып келе жаттык. Кашыбыздан чыккан жаш жигит, чалып алганга телефон сурады. Бөлөм макул деп колундагы телефонун кармата салды. Бирөөгө чалымыш болгон жигит бир кезде качып жөнөсө болобу.

-Милии-ции-яя,-деп кыйкырыптырмын.

Качкан жигитке каршы келе жаткан эки бала алыс кетирбей, кармап, телефонду кайтарып алдык. Кызыгы жанагы жигит кечирим сураганга жараган жок. Ары көздөй чуркаган бойдон кетип калды.

Бөлөм экөөбүз бири-бирибизди карап же күлө албай же ыйлай албай кала бердик.

Аңгыча апам чалып, көп кечке калбагыла деп эскертти. Бирден балмуздак алып, үйгө карай жол алдык. Жол катар түрдүү кишилер,алардын арасында кош бойлуу келиндер көп экени кубантты. Буюрса, келечекте дал ушул курсактагы балдардын келечеги кенен болсо экен деген ойдо үйгө келе жаттым. Бирок оюум бир жерде эмес, жокчулук, кымбатчылык адамдарды кыйла чүнчүтүп салгандай.

Ошентсе да жашоо уланууда, улам түн кирген сайын Бишкек кооз көрүнүп башка көйнөк кийген сымал, көз жоосун алган жарыктар жанып, шаар жаркырап башкача боло түштү.