Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова “Фейсбук” баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылды. Анда спортчу азыр ичимде эмоциялар кайнап жатат деп жазды.

“Ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам! Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат… Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык! Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз”, – деген Тыныбекова алдыдагы күндөрү беттешке чыкчу спортчуларга ийгилик каалады.