Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-августта Нуралиевдин баш коргоо чарасы каралып, анда сот аны 2-октябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка калтырды.

Таалайбек Нуралиев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басарынын жетекчилиги астында туруктуу коррупциялык схема, мөөнөтүнөн мурда бошотуу, соттолгондордун шарттарын жумшартуу, ошондой эле бөлүмдүн ортоңку жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттерин жашыруу үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алууга шектелип кармалган.