Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов ишин тазалыктан баштады. 7-август ишемби күнү борбор калаанын тургундарын жалпы ишембиликке чакырды. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

« Жаңы мэр-жаңы дем.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Сарыбашов Таалай Насирбекович жаңы дем менен иштеп баштады. Өзүңүздөр билгендей быйыл сугат суусу тартыш болуп, чөптөр саргайып,бактардын жалбырагы түшүп баштады. Урматтуу достор! 7-август, ишемби күнү баардыгыңыздарды шаардык ишембилике чакырабыз. Ар бир район активдүү катышып бериңиздер. Кафе-ресторандар, дүкөндөр, интернет клубдар, сулуулук салондору деги койчу кандай ишканалар болбосун өз айланасын тазалап шаарыбыздын тазалыгына салым кошуңуздар.

Ким Таалай Насирбековичтин демилгесин колдоп бизге жардам беребиз десе байланышка чыгыңыздар. Менин вотсап номерим+996553517777 күнү түнү байланыштамын. Фейсбук жана инстаграммдан жазгыла. Кыскасы, биз сиздер менен! Шаарыбыздын келечегине кайдыгер болбойлу. Биз шаарыбыз үчүн, Бишкек баарыбыз үчүн!»-дейт вице-мэр.