Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунда жумушчу сапар менен жүрөт. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы сел ташкындардан жабыркаган райондорго барат, Чолпон-Ата шаарындагы тазалоочу курулмалардын абалы, ошондой эле бир катар ишканалардын жана Каракол шаарындагы зоопарктын иши менен таанышат.