Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков 5-октябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

«Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында СИЗО-1ге камалды. Ал 5-октябрга чейин камакта болот», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин жактоочусу  «299 күндүн ичинде бир жолу Равшан Жээнбеков саат 22:00дөн кийин Эркиндик бульварына сейилдөө үчүн үйдөн чыгып кеткен. Бул жайдын ысык кечи болчу, аздыр-көптүр салкын бульвар анын үйүнүн жанында жайгашкан. Эми ал бул үчүн СИЗОго камалганы жатат»,- деп жазып чыккан эле.