Бүгүн, 6-августта Лейлек районунун Өзгөрүш айылында Баткен — Исфана жолу тосулду.  Жарандар алтын кендин казылышына каршы митинге чыгышты. Бул тууралуу «Kadam-media.kg”  маалымат порталына жергиликтүү тургундар билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Алмалуу аймагындагы Апрелское алтын кенинде алтын казууну токтотууну талап кылып, Бишкек-Исфана унаа жолун тосушту.

“3-августта  кен казгандар эл менен жолугушкан. Алар техникаларын алып келишкен. Биз макулдук берген жокпуз. Анткени кенден чыккан суу Козу-Баглан дарыясына тушкөн суу Өзгөрүш, Катраң, Бешкент, Оочуда дарыядан суу ичкен элге зыяны тиет.Бул суу негизи Тажикстанга чейин кетет. Азыр 200 дөй эл жол тосуп турат»,-деп билдиришти.

Эске салсак, 3 -августта айылдыктар митингге чыгышкан. Алар алтын кенин   «Апрельская ЭйЗетАй»  компаниясынын иштетүүсүнө каршы экенин айтышкан.