«Борбор Азия – ар тараптуу өнөктөштүктү жана өз ара байланыштарды өнүктүрүүдө региондогу бардык мамлекеттердин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп бере турган эң маанилүү стратегиялык аймак», — деп белгиледи бүгүн, 6-августта, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркмөнбашы шаарында (Түркмөнстан) Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы быйыл Борбор Азия өлкөлөрү көз карандысыздыктын 30 жылдыгын белгилеп жатышкандыгына токтолду.

«Ошол өткөн мезгилдерден бери биз дүйнөлүк коомчулукта татыктуу ордубузду таптык. Күч-аракеттерибизди бириктирип, региондук кызматташтыгыбызды чыңдоого мезгили жетти. Борбор Азия мамлекеттеринде соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, суу-энергетикалык байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын кесепеттери менен күрөшүү боюнча аракеттерибизди бириктирүү үчүн бардык өбөлгөлөр бар», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Анын айтымында, региондогу өлкөлөр баарынан мурда тыгыз интеграцияланышы керек, экономикалык жактан бир бүтүн болуп айкалышып иштөө зарыл, тактап айтканда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиялары бири-бирин толуктап, ар биринин мүмкүнчүлүктөрүн эске алып турушу керек.

Буга байланыштуу Президент БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү жана Борбор Азия боюнча превентивдүү дипломатиянын региондук борборунун башчысы Наталья Германга жылуу саламдарын айтып, БУУнун Региондук борборунун маанилүү ролун белгиледи.

Мамлекет башчысы алдыдагы 2022-жылда Борбор Азия өлкөлөрүнүн БУУга мүчө болушунун 30 жылдыгы белгиленерин эске салды. БУУга мүчө болгон Борбор Азия өлкөлөрү эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого чоң салым кошту, бир катар маанилүү жана олуттуу демилгелер менен чыгышты. Буга байланыштуу Садыр Жапаров 2022-жылы Борбор Азия — БУУ саммитин өткөрүүнү сунуш кылды.

Ошону менен бирге Президент маданий -гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү да бир кыйла маанилүү экенин кошумчалады, ал байланыштар Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнүн жалпы маданий мейкиндигинин, тилдик иденттүүлүгүнүн жана жалпы тарыхынын мындан аркы өнүгүшүнө түрткү бере тургандыгын кошумчалады.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну эки тараптуу жана көп тараптуу форматта, анын ичинде бүгүнкү «беш тараптуу» диалог аркылуу дагы кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө даяр экендигине басым жасады.

Мамлекет башчысы Борбор Азиядагы стабилдүүлүк менен өсүп-өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн өз ара пайдалуу болгон өңүттөгү чечимдерди табууда региондогу өнөктөштөр менен конструктивдүү диалогго даярдыгын билдирди.

Ал Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү ири көлөмдөгү энергетикалык ресурстарга ээ экенине токтолду. Ошол эле учурда классикалык энергия булактары болгонуна карабастан, бүгүнкү күндө Борбор Азиянын экологиялык таза электр энергиясына өтүүгө олуттуу потенциалы бар.

«Биз Борбор Азия мамлекеттеринин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү жана натыйжалуу пайдалануу деп эсептейбиз. Буга байланыштуу Кыргызстан энергиянын экологиялык таза булагы болуп саналган ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду этап-этабы менен ишке ашырууга ниеттенүүдө. Суу башындагы өлкөлөрдө суу көп кирген, ошондой эле бир нече жыл алдыга эсептөөлөр менен суу аз болгон мезгилдерге карабастан, вегетациялык мезгилде сугат керектөөлөрүнө суу ресурстарын топтоого мүмкүнчүл к жана стимул болушу үчүн сууну пайдалануунун экономикалык механизмдери иштелип чыгып, ишке киргизилиши керек. Кыргызстан энергия кайра жаралуучу булактарын активдүү өнүктүрүү ниетинде», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.