Жаңы окуу жылында мугалимдер 70% вируска каршы эмдөөдөн өткөн мектептерде жана окуу жайларда гана окуу процеси реалдуу режимде башталат. Бирок, ошол эле убакта, бул маселенин оң чечилиши ошол жердеги санитардык-эпидемиологиялык абалга да жараша болот. Бардык ата-энелерди кабатыр кылып жаткан маселе боюнча бүгүн Билим берүү жана илим министрлиги ушундай жооп кылды.

«Дарыгерлер медициналык себептер менен вакцина алууга болбойт деген мугалимдер кайсы бир мектепте отуз пайыз же андан да аз болушу мүмкүн. Бул жерде, албетте, дарыгерлерди угуш керек, мугалимдердин ден-соолугу биринчи орунда болуш керек. Эгерде кайсы бир мектепте педагогикалык кызматкерлердин 70% же андан көбү вакцина алган болсо, ага кошумча мектепте минималдуу санитардык -гигиеналык шарт түзүлгөн болсо, ошол мектеп офлайн режимде иштеп баштаганга шарт бар деген сөз», — деди министрдин орун басары Надира Жусупбекова.

Бирок бул маселе биротоло августтун ортосунда мугалимдердин кесиптик кеңешмесин утурлай чечилет. Азыркы убакта анын алгоритмин тактоо боюнча министрлик иш алып барууда.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкөдөгү мугалимдердин 70% эмдөөдөн эч кам санабай өтө алат деген экен, ал эми калганы кандайдыр бир өнөкөт оорусуна байланыштуу вакцина албай калышы мүмкүн. Азыркы убакта мугалимдердин эмдөөдөн өткөнү алтымыш пайыз деген маалымат айтылды.

Ошол эле убакта мугалимдерди эмдөөдөн өткөрүүдө күчкө салмай болбойт, түшүндүрүү иштери күчөтүү жолу менен жүргүзүлөт деп жатат жетекчилер.

«Мажбурлап коркутууга эч качан барбайбыз, бирок түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк, бир да мугалим четке качпайт деп ойлойм», — деди министр Болотбек Купешев.

Кыргызстандын мектептери 2020-жылы пандемия башталганда эле аралыктан окууга өткөн, кийинки окуу жылында жашыл зонадагы мектептерге реалдуу режимде окууга уруксат берилди. Кызыл зонадагы аймактар, анын ичинде Бишкекте 1-5-9-11- класстарга гана уруксат болду.