«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевдин үстүнөн сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп баштады. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сартбаев Жазык кодексинин 313-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышка шектелүүдө.

«Сартбаев тарабынан интернетке жарыяланган материалда региондор ортосундагы кастыкты козутуу белгилери бар же жок экенин аныктоо боюнча тиешелүү экспертиза дайындалды», — деп айтылат маалыматта.