Бүгүн, 7 -августта «Манас» аэропортуна Токиодогу (Япония) Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары келишти.

Учактан аларды президенттик аппараттын башчысы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Жылдыз Бакашова жана башкалар тосуп алышты.

Күтүү залында спортчулар туугандары жана достору менен жолугушту. Аларды гүлдөр менен тосушту.

Жолугушууга 1980 -жылкы Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев, 2008 -жылкы Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Канат Бегалиев, ырчы Керим Турапов жана Самара Токтакунова, актриса Назира Мамбетова ж.б башкалар келишти.

Айсулуу Тыныбековага журналисттер тарабынан берилген Париж олимпиадасына катышасызбы деген суроого:

«Азыр оюмда эч нерсе жок, бир аз өзүмө келип алган соң команда менен отуруп  чечишебиз. Бул чечимди бүтүндөй кыргыз эли күтүп жатат. Бизге азыр команда менен отуруп сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк боло элек. Аман-эсен мекенибизге келип алдык. Алдыда команда менен кандай чечим кабыл алсак, сиздер менен бөлүшөбүз»,-деп жооп берди.

Ал эми маалымат жыйындын соңунда «Манас» эл аралык аэроптортунун жетекчилиги спортчуларга эстеликке саат белекке берди.

Эске салсак, XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышып, 3 спортчубуз байгелүү орундарга жетишкен. Тагыраагы эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медалды багындырган. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча балбанбыз Акжол Махмудов дагы күмүш байгени камсыздаган.