Кой-Таш окуяларынын фигуранты Алга Кылычев атылган октон жаракат алды. Бул тууралуу «АКИpress-Сводка» редакциясы  күч органдарындагы өздүк  булактарына таянуу менен жазды.

Алдын ала маалыматка караганда, ал «Социал-демократтар» партиясынын атынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон Таалай Темиркулов менен урушуп кеткен.

Ал эми Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 7-августта эртең менен болжол менен саат жетиде тез жардам кызматынын дарыгерлери милицияга Ак-Өргө конушунун жашоочусу К.А.нын (Алга Кылычев) бутуна ок атылганын билдиришкен.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Бирок алар баргыча Алга Кылычевди Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алып кетишкен.

Үйдө Кылычевдин жубайы бар болчу. Анын айтымында, күйөөсү телефондон Т.Т. (Таалай Темиркулов) менен урушуп кеткен. Темиркулов алардын үйүнө барып, Кылычевге телефон чалып, эшикке чыгууну суранган. Кылычев эшикке чыгып бара жатканда артынан аялы да жөнөгөн. Бирок Кылычев аялынан үйдө калууну өтүнгөн.

Болжол менен 10 мүнөттөн кийин Кылычевдин аялы атылган октун үнүн угуп, көчөгө чуркап чыккан. Ал жактан жарадар жолдошун жана унаасына отуруп, кетип бара жаткан Темиркуловду көргөн. Андан кийин тез жардам чакырган.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталды.

Тергөө уланууда.