23-июлда башталган «Токио-2020» XXXII Жайкы Олимпиада оюндары 8-август күнү жыйынтыкталды. 16 күнгө созулган спорттук иш-чараларга 206 өлкөдөн 12 миң 500 спортчу катышып, 41 спорт түрүнөн жалпы 339 медаль үчүн ат салышты.
Кыргызстан медалдык жалпы жыйынтыкта 2 күмүш, 1 коло менен Олимпиадалык рейтингде 70-орунга жайгашты.
Тизменин сап башында 39 алтын, 41 күмүш жана 33 коло медаль менен Америка Кошмо Штаттары орун алган. Андан соң Кытай 38 алтын, 32 күмүш, 18 коло байге менен 2-орунга жайгашса, Япония өлкөсү 27 алтын, 14 күмүш, 17 коло медалы менен алдыңкы үчтүктү жыйынтыктады.
Ал эми Орто Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 3 алтын, 2 коло байгеси менен 32-орунга жайгашты. Андан кийин эле Кыргыз өлкөсү 70-орунда. Түркмөнстан 1 күмүшү менен 77-катарда, Казакстан 8 колосу менен 83, ал эми Тажикстан өлкөсү Олимпиададан эч бир медалсыз кайтышты.