Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасы Бишкектеги борбордук стадиондо оюн өткөрөт. Бул тууралуу өлкөнүн Футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Башкы команда Азия кубогу-2023 мелдешине даярдыктын алкагында өз үйүндө жолдоштук беттештерди өткөрөт.

«Улуттук курама команда узак тыныгуудан кийин өз аренасына кайтып келет. Азия кубогу-2023 тандап алуу оюндарына даярдык көрүү үчүн улуттук курама бир нече жолдоштук беттештерди өткөрөт. Биринчи беттеш Палестина улуттук курамасы менен болот», — деп айтылат маалыматта.

Оюн 2-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. КФУ күйөрмандардын оюнга кирүүсү, билеттер тууралуу кененирээк маалыматты кийинчерээк айтарын билдирди.

Эске салсак, Кыргызстан өз талаасында акыркы расмий беттешин 2019-жылдын 19-ноябрында Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Тажикстандын курама командасы менен өткөргөн. Беттеш 1:1 менен аяктаган.