Мобилдик операторлор эмдөө сертификатынын кызматынан пайдаланган колдонуучуларга Интернет белектер пакеттерин берип башташты. Бул тууралуу бүгүн, 9 -августта брифингде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдирди.

Ал белгилегендей, бул «Кыргызстан — Жашыл аймак» улуттук демилгесин колдоо максатында жасалган.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ведомство эмдөөдөн өткөндөрдү кубаттоо ниети бар экенин айткан. «Биз Megacom, O!  Жана Beeline уюлдук операторлорунун компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз программа иштеп  киргизгени жатабыз: ким вакцина алса, 10 гигабайт интернетти бекер алат. Мен компаниялар менен келишимге кол койгом», — деген ал.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб  «Нуртелеком»  жана SkyMobile  уюлдук операторлору менен бирге мобилдик капчыктарды аныкталган колдонуучулар үчүн эмдөө сертификаттарын алуу боюнча кызматтар ачылганын билдирди. Жакын арада аталган кызматты  «АльфаТелеком» уюлдук оператору ишке киргизет.

Бакыт Жангазиевдин айтымында, эгер абоненттин мобилдик капчыгы болсо, эмдөөнүн толук курсун (эки эмдөө) бүтүрүп, сертификат алган болсо, ага бонус  түшөт.

Белгилей кетсек, жарандар эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификатты “Сертификат о вакцинации против COVID-19” онлайн сервисинен ала алышат.