Ысык-Көл облусунда «Ак-Сай Трэвел» туристтик компаниясы аркылуу тоонун чокусуна чыккан эки альпинист эки күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алдын ала маалыматтарга таянсак, эки альпинист аймактагы тоолордун биринин чокусуна чыгышкан.

Ирандан келген эки альпинист эки күн мурда жоголгону тууралуу маалымат ӨКМга 8-августта саат 16:30та келип түшкөн, Кыргызстандагы Ирандын элчилигинен бул тууралуу кабарлашкан.

Алар аскадан учуп кетиши мүмкүн деп болжолдонууда. Учурда издөө иштери уланууда.

Жоголгон альпинисттердин бири Мехри Джафари түпкү теги ирандык Британиянын жараны болуп саналат. Өзүнүн социалдык баракчасына Мехри Бишкекке учуп келгенин, андан соң Жеңиш чокусуна чыгуучу базалык лагерге барганын жазган.Маалыматка караганда, бул окуя кечээ, 8-август күнү болуп, саат 16:30 чамасында маалымат түшкөн. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

«Туристтик фирма аркылуу тоого чыккан ирандык 2 альпинист чокудан кулап кеткени тууралуу Ирандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан 112 кызматына маалымат түшкөн. Билдирүүгө ылайык, окуя катталган мезгилде тик учак менен издөө аракеттери көрүлүп, табууга мүмкүнчүлүк болбоптур. Ушундан улам ӨКМ тарабынан издөө иштери токтотулду. Азырынча кайсы чокудан кулаганы белгисиз. Бул боюнча туристтик компаниянын жетекчилиги расмий маалымат берет», – деп билдиришти алар.

 

Жоголгондордун арасында ирандык альпинист Мехри Жафари бар.

 

Социалдык тармактагы баракчасында Мехри Лондондон Бишкек шаарына учуп келгенин, андан кийин Жеңиш чокусунун этегиндеги базалык лагерге барганын жазган (7439 метр). Эки күн бою ал Каркыра өрөөнүндө болгон. Ал Хан-Теңиринин каршысында жайгашкан Жеңиш чокусун «Ак илбирс» беш чокусунун эң татаалы деп эсептей турганын жазган. 2008-жылы Жафари Хан-Теңири чокусуна чыгып, ирандык альпинисттердин арасында биринчи болгон. Мехри — иран улутундагы британиялык жаран. Лондон шаарында жашайт.

Туугандары издөө-куткаруу иштери үчүн акча чогултуу өнөктүгүн башташты. Керектүү сумма 28 миң доллар деп айтылып, бүгүнкү күнгө чейин 23,4 миң доллардан ашыгы чогултулган.