Бишкектеги ЦУМ “Айчүрөк” соода борборунда адамдарды эвакуациялоо жүрүп жатат.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, укук коргоо органдарына соода борборунун дааратканасына аял бомба койгону тууралуу чалуу түшкөн.

Белгилүү болгондой, ЦУМ азыр курчоого алынган, ал жерде кинологдор жана укук коргоо органдары иштеп жатышат.

Социалдык тармактын колдонуучулары аталган соода түйүндө эки аял башка аялдарды барымтага алып бомба коюлганын жазып жатышат.