Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы + ички) жылдын ортосунда 4 млрд 921 млн долларды (416 млрд 630 млн сом) түздү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жылдын башына салыштырмалуу республиканын карызынын өлчөмү 7 млн долларга кыскарды. 2020-жылдын 31-декабрына карата карыз 4 млрд 928 млн доллар эле.

Мамлекеттик карыздын структурасы:

тышкы карыз – 4 млрд 159 млн доллар (85%)

ички карыз – 762 млн доллар (15%)

Белгилей кетсек, Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Кыргызстанга 2025 -жылга чейин мамлекеттик карызды ИДПнын 60%дан төмөн түшүрүү аракетин көрүүнү сунуштаган. Учурда Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПнын 68%ын түзөт.