Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү жогорку окуу жайларында акысыз окуу үчүн бюджеттик орундарга сынак жарыялайт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынакка этностук кыргыздар – Тажикстандын, Өзбекстандын, Кытай Эл Республикасынын, Түркиянын жана Казакстандын жарандары катыша алышат.
Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди бериши кажет:
- Министрдин орун басарынын атына арыз.
- Анкета.
- Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (эгер талапкер паспорт ала элек болсо ошол учурда) орус тилине же кыргыз тилине которулуп, нотариустан тастыкталган көчүрмөсү.
- Тиркемелери менен кошо билими тууралуу документтин (аттестат же диплом) орус тилине же кыргыз тилине которулуп, нотариустан тастыкталган көчүрмөсү.
- Билим деңгээли тууралуу маалымкат (Казакстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын жарандарынан башкаларга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде берилет). 6. Үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалымкат.
- Талапкерлердин академиялык чөйрөдөгү жетишкендиктерин тастыктай турган сертификаттар, грамоталар, дипломдор.
- 086-у медициналык маалымкаты.
- ВИЧ/СПИД жоктугу тууралуу маалымкат.
- 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт.
Этностук кыргыздардын – Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет мамлекеттердин жарандарынын документтерин кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2021-жылдын 30-августуна чейин жүзөгө ашырылат.
Тажикстан, Өзбекстан, Түркия Республикаларынын аймагында жүргөн этностук кыргыздардын документтерин кабыл алуу ошол өлкөлөрдүн аймагында жайгашкан Кыргыз өлкөсүндөгү элчиликтери тарабынан жүзөгө ашырылат.