Жыл башынан бери (январь-июль) Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 21 миллиард 790,9 миллион сом сарптады. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги маалымдады.

Анын ичинен 11,2 миллиард сом тышкы карызды төлөөгө жумшалган.

Былтыр ушул эле мезгилде мамлекеттик карызды тейлөөнүн суммасы 18,1 миллиард сомду түзгөн.

Бул жылы Кыргызстан 37 миллиард 266 миллион сомунан кутулууну пландап жатат. Муну рекорддук сумма деп атаса болот. Бирок төлөө мөөнөтүн жылдыруунун эсебинен азайып калышы да мүмкүн.

Жыл сайын насыянын төлөмдөрү өсүп жатат. Мисалы, быйыл январь-июлда эле 21,8 миллиард сом сарпталса, 2017-жылы бир жылдык төлөм 20,6 миллиард сом болгон.

Учурда мамлекеттик карыздын көлөмү 4,9 миллиард доллардан ашат.