Бишкекте Токтогул көчөсүнүн Турусбековдон баштап Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгү 15-сентябрга чейин жабылат. Бул тууралуу мэриясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган бөлүктө жылуулук түйүндөрүн күз-кышкы мезгилге даярдоо иштери жүрөт.

Ошондой эле Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук түйүндөрүнүн камерасын реконструкциялоо иштерине байланыштуу 20-августка чейин автоунаанын каттоосуна жарым-жартылай чектөөлөр коюлат.

Мэрия айдоочуларды кошумча башка жолдор менен жүрүүгө чакырып, келтирген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.