Сузак районунда кыз өгөй атасынын зомбулугунан каза болгон. Бул райондук соттун өкүмүндө көрсөтүлгөн.

Тергөөнүн маалыматында көрсөтүлгөндөй, шектүү Т.У. 2018 -жылы мас болуп, наристени сабап, спирт ичимдиктерин ичүүгө, ачуу калемпир  жегенге мажбурлаган. Ал кезде кыз  эки жашта болгон.

«2019 -жылдын мартында кыздын апасы жумушка кетип, күйөөсүнө баланы кароо үчүн калтырган. Үйдө эч ким жоктугунан пайдаланып, шектүү балага кордук көрсөтө берген. Ал кызды курсагына, башына муштап, анан сабай баштаган. Бала алган жаракатынан улам каза болгон «, — деп айтылат соттун чечиминде.