Баткен облусунун 44 айылына ичүүчү таз  суу түтүктөрү курулат. Бул тууралуу Мамкурулуштун ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү жана саркынды сууларды тазалоо департаментинин директору Достукбек Ободоев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Лейлек районунун 10 айылы ичүүчү суу менен камсыз болот, Баткенде — 5 айыл, Кадамжайда — 29. Бул айылдардын долбоорлоо уюму долбоордук -сметалык документтерди иштеп чыгууда.

Ал ошондой эле Максат айылында курулуш иштери активдүү фазада экенин белгиледи. Алар 12,8 миллион сом суммасындагы атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Булак-Башы, Чурбек, Даргаз, Миң-Жыгач, Жаңы-Турмуш айылдарындагы объекттердин долбоордук сметалык документтерин иштеп чыгуу республикалык бюджеттин чегинде аяктап жатат. Лейлек районунун Маргун, Арка-1, Арка-2 айылдарындагы объектилердин курулушуна документтерди даярдоо башталды.

Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Сай айылында 21,8 миллион сомго курулуш иштери башталды. Алар «Баткен жана Талас аймактарынын айылдарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.