Баткен облусунда жеке компаниялар чек ара чатагынан жабыркаган 36 турак үйдү калыбына келтирүүнү улантууда. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин директорунун орун басары Бердимурат Жалилов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, курулуштун 20сын «Ихлас» курулуш компаниясы куруп жатат. Калган 16сын дагы үч ата мекендик курулуш компаниясынын өкүлдөрү бөлүп алышкан.

Мындан тышкары жеке ишкерлер 100 орундуу бала бакча жана ФАП (фельдшердик-акушердик пункт) куруп жатышат.

Жалилов үй -жайынан ажыраган бардык жабырлануучулар көңүл  сыртында калбайт деп ишендирди. Бардык курулуш иштери 1 -сентябрга чейин бүткөрүлөт.