Жогорку Кеңештин депутаты Үмбеталы Кыдыралиев «Кыргыз алтын» ААКтын төрагасы болуп дайындалды.

Ал 2017-жылы 8-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине мүчө болгон.

Ошондой эле Кыдыралиев Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү.

Буга чейин «Кыргыз алтынды» Чолпонкулов Маратбек Абжалбекович жетектеп келген.

«Кыргыз алтындын» басма сөз кызматы билдиргендей, Кыдыралиев Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан Министрлер кабинетинин макулдугу менен дайындалды.

Ал эмгек жамаатка бүгүн, 10-августта тааныштырылды.

Эске салсак, буга чейин бул кызматты Маратбек Чолконкулов жетектеп келген.