Бишкекте коронавируска каршы вакцина жасоо үчүн 71 пункт уюштурулган. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге караганда, эмдөө пунктулары ооруканаларда гана эмес, башка да мекемелерде даярдалган:
№ 19 үй-бүлөлүк медицина борбору жана 7 филиал;
Студенттер үчүн шаардык бейтапкана;
Спорттук-реабилитациялык борбор;
Темир жол ооруканасы;
Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасы (Спецполиклиника);
8 жеке медициналык борбор;
3 билим берүү мекемеси;
конуштардагы 19 медициналык амбулатория;
8 соода борбору;
2 сейил бак (парк).
Республикалык штаб Бишкек шаарында коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 118 миңден ашканын айтып, ордо калаада ыктыярчылар калкка эмдөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.