Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Мамлекеттик Думанын депутаты, ЛДПР фракциясынын жетекчиси Владимир Жириновский менен жолукту. Бул тууралуу ТИМнин маалымат кызматынан кабарлады.

Эске салсак, 10-августта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин имаратынын жанында Владимир Жириновский башында турган ЛДПР мүчөлөрүнүн митинги болгон. Мындан улам Самат аларды жолугушууга чакырган. Тараптар жакында эле Бишкекте балдардын оюн-зоок борборундагы сатуучу кызды калькулятор менен чаап жиберген кишинин окуясын талкуулашкан.

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Мамлекеттик Думанын депутаты, ЛДПР фракциясынын жетекчиси Владимир Жириновский менен жолукту

«Элчи мындай көрүнүштөр жана провокациялар кайсы өлкөдө болбосун кезигерин, бул учур күнүмдүк деңгээлдеги окуя катары караларын, ал боюнча өлкөнүн компетенттүү органдары тийиштүү иштерди аткарып жаткандыгын белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Тараптар мындай кырдаалды эки тараптуу мамилелерди туруксуздаштырууга кызыкдар адамдар колдонушу мүмкүн деген орток пикирге келишкен.

Гүлнара-Клара Самат орус тили Кыргызстанда расмий тил болуп санала турганын айтып, ал Кыргызстан элдеринин бардык улуттарынын ортосундагы баарлашуу жана КМШ өлкөлөрүнүн маданий тили катары кызмат кыларын белгилеген.

Учурдан пайдаланып элчи 19-августта Чолпон-Атада «ЕАЭБдеги бизнес-өнөктөштүктүн жаңы чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү» аттуу III кыргыз-орус бизнес-форумун өткөрүү пландалып жатканын билдирген. Жириновский аталган иш-чарага катышууга кызыкдар экенин айтып, ЛДПР өкүлдөрүнө туризм, мал чарба жана агрардык сектор чөйрөсүндөгү бизнес-коомчулук менен жолугушууларды өткөрүү үчүн Кыргызстанга барып келүүнү сунуштаган. Ошондой эле ал Борбор Азия өлкөлөрү менен Россиянын ортосундагы маданий байланышты өнүктүрүү үчүн Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көл форумун кайра баштоону демилгелеген.

Мамлекеттик Думанын депутаты Кыргызстанда россиялык туристтердин санын көбөйтүү үчүн Россия шаарларынан Ысык-Көл облусуна темир жол байланышын ачуу маселесин иштеп чыгууну да сунуштаган. Жолугушуунун аягында тараптар өлкөлөр ортосундагы мамилелер өзгөчө достук жана стратегиялык мүнөзгө ээ экенин белгилешкени айтылды.