Жалал-Абад облусунда дааратканага ташталган ымыркай куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Токтогул району, Токтогул шаарынын Сарагүл көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дааратканасына жаңы төрөлгөн ымыркай кызды белгисиз бирөө таштап салгандыгы туралуу маалымат түшкөн.

«Жерине №97 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, ымыркайды алып чыгышып, ИИМ жана «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда ымыркайдын абалы орто»,-деп айтылат билдирүүдө.