«Манас» эл аралык аба майданынын санитардык-карантиндик пунктунда кошумча эмдөө жайы ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Вакцина сая турчу жер саат 08:00дөн 16:30га чейин иштейт.

Ошондой эле муниципалитет «Берекет универсал» соода борборундагы эмдөө пункту Ленин районунун Калкты каттоо борборуна көчүрүлгөнүн эскертти. Ал Жаш Гвардия бульвары, №4 дарегинде жайгашкан.

Вакцина сайдырчулар сөзсүз түрдө пасторту менен барышы керек. Анткени маалыматтар Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы электрондук саламаттык сактоо борборунун базасына киргизилет.

Мэрия шаардыктарга оорудан коргонуунун натыйжалуу жолу эмделүү экенин эскертет.