Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Россиянын мамлекеттик думасынын депутаты Владимир Жириновскийге жооп берди.

Молдокматова өз кайрылуусунда эки элди бөлүүгө эмес, ынтымакка чакырууга үндөгөн:

“Кыргыз-орус эли илгертеден бери ынтымакта жашап келет. Соода борборунда болгон окуяны иликтеп күнөөлүү адам мыйзам чегинде жоопко тартылыш керек

Ал эми мамдуманын депутаты Жириновскийдин аракети аша чапкандык. Анткени мындай окуялар Кыргызстанда чанда кездешет. Россияда кыргыз жарандарына карата көп жолу туура эмес мамиле жасалган учурлар болгон.

Сиз өзүңүздүн түбүңүз дагы азиялык. Андыктан келиңиз эки элди ынтымакка чакыралы”,-дейт Молдокматова.