Жириновскийдин айтканы бул популисттик, примитивдик билдирүү. Мындай пикирди Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов билдирди.

—«Бул жерде саясий боёк басымдуулук кылат. Орусияда бир айдан кийин Думага жана парламенттик шайлоолор болорун унутпашыбыз керек. Андыктан максатына оңой жетүүнү көздөгөндөр жана өзүн башкаларга эстетүүнү каалагандар жанданып баштады. Бул ксенофобиялык маанайда жүргөн, эмгек мигранттарына каршы болгон, «улуу державага» болгон сагынычы бар орусиялыктардын добушун алуу үчүн болгон күрөш. Жириновский менен Володиндин айткандарын маргиналдардын сөзүнө теңейм жана бул популисттик, примитивдик билдирүү. Алар шайлоочу деп аталган ошол классты түзүп, ага таянууда.

Кошумчалай кетсек, Жириновский бул билдирүүсүн Бишкектеги балдар оюн-зоок борборунда кардардын кызматкер кызды кыргызча билбегени үчүн эсептегич менен уруп жиберген окуяга байланыштуу жасаган.

—«Орусиянын элчисин Кыргызстандан тез арада чакыртып алуу керек. Кыргызстан менен бардык соода байланышты токтотуу керек», — деген ал.

Орусияда Кыргызстандагы орус тилдүү жарандар менен байланыштуу окуялар боюнча Орусия президентинин алдындагы Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин эл аралык кызматташуу комиссиясы, айрым саясатчылар билдирүү жасап, анда Кыргызстанда орус тилдүү жарандарга кысым күчөөдө деген маанайдагы пикирлер айтылган.