Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда белгисиз жаран дааратканага жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткени тууралуу кабарланган. Анын апасы табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында дааратканага ташталган ымыркайдын энеси Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну экени аныкталды.

«Ал 7-август күнү Токтогул шаарына барып, 10-август күнү окуя болгон жердеги үйдүн ээси А.Саткынбаевдин кызынын курбусу болгондуктан бир күн жатып кетейин деп барган. 11-август күнү төрөп дааратканага таштап койгондугу аныкталган», — деп билдиришти облустук милициядан.

Эске салсак, бүгүн, 11-август күнү болжол менен таңкы саат 06:00 чамаларында Токтогул РИИБине ӨКМнын кызматкерлери кайрылып, Токтогул районунун Сарагул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин дааратканасына ымыркай ташталганын айтышкан.

«Аталган дарекке тергөө-ыкчам тобу менен барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, текшерүү иштерин баштаган. Текшерүү учурунда 1962-жылы туулган А.С. аттуу жаран намаз окуу үчүн саат 05:00 чамаларында туруп, сыртка чыкканда дааратканасынан ымыркайдын үнүн угуп ӨКМга телефон чалган. Кызматкерлер келип ымыркайды алып чыгып, ага дарыгерлер тарабынан алгачкы жардам көрсөтүлгөн. Ал эми табылган ымыркай Токтогул аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө жеткирилген жана анын абалы канааттандырарлык экени айтылган.