Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев орусиялык саясатчы Владимир Жириновскийдин Кыргызстанда орус тилинин кысымы тууралуу айткандарына комментарий берди.

Эл өкүлү Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты » абалды келесоолук менен саясий упай топтоо үчүн колдонду» деп ойлойт.

Анын айтымында, орусиялык кесиптешинин билдирүүлөрү Мамлекеттик Думага боло турган шайлоого байланыштуу — ошону менен Жириновский өзүнүн  пиар кампаниясын жүргүзүүдө.

Бекешев Жириновскийдин саясый өнөктүгүн “келесоо жана түркөйлүк” деп баалады.

«Кечээ Жириновский биздин өлкөдө орус тилинин бузулушу жөнүндө билдирүү жасады. Бул толугу менен куру сөз. Россиянын депутаттыгына талапкерлер КМШ өлкөлөрүнө жана мигранттарга кол салса, таң калуунун кереги жок. Бул келесоолук, бөйрөктөн шыйрак чыгарган саясий жарнак »,- деди эл өкүлү.

Бирок, ал мындай билдирүүлөр айрым эмгек мигранттарына зыян келтириши жана аларга карата зомбулукту күчөтүшү мүмкүн деп эсептейт.

Эске салсак, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Россия менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык байланыштарды үзүү ниетин балдар оюн -зоок паркында болгон окуядан кийин билдирген, анда мас жаран  орус тилинде тейлеген кызматкерге ачууланып,  кызга кол салган.

Бир күн мурун эксцентрист саясатчы Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратынын жанында нааразылык акциясын өткөргөн.

Кийинчерээк ТИМдин маалыматы боюнча, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Жириновский менен жолугушуп, аны «ЕАЭБдеги бизнес-өнөктөштүктүн жаңы чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү» III кыргыз-орус форумуна катышууга чакырган.

Өз кезегинде, Россиянын экс-президенттигине талапкер катышууга кызыкдар экенин билдирди жана Либерал-демократиялык партиянын өкүлдөрүн бул форумга келүүгө чакырды.

Ал жолугушууга катышкан Либерал -демократиялык партиянын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасына келип, өлкөнүн экспорттук өнүгүү потенциалы менен таанышуу жана туризм, мал чарбасы жана айыл чарба сектору боюнча бизнес коомчулугу менен жолугушууларды өткөрүү боюнча сунуш киргизди. .

Жириновский ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көл форумун Борбор Азия өлкөлөрү менен Россиянын ортосундагы маданий байланышты өнүктүрүү үчүн кайра жандандырууну сунуштады.