Кыргыз Республикасында 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы иштелип чыгууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан БУУнун калк фондунун (ЮНФПА) жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн техникалык колдоосу менен уюштурулган жана тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда аталган Концепциянын долбоорун аягына чыгаруу боюнча өткөрүлгөн көчмө жумушчу жолугушуу учурунда белгилүү болду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жумушчу топтун мүчөлөрү учурдагы демографиялык абалды жана калктын санынын өсүшүнүн божомолдуу көрсөткүчтөрүн талкуулашып, ошондой эле  Кыргызстандагы демографиялык саясаттын бир катар артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүнүн башчысы Аскат Беков демография экономика, билим берүү, саламаттык сактоо (репродуктивдүү ден соолук, үй-бүлөнү пландоо), жаштар, миграция, гендердик теңчилик жана башка көптөгөн тармактар менен байланыштуу экендигин баса белгиледи.

Анын айтымында, Концепциянын максаты — өлкөдө биринчи кезекте Кыргызстандын калкынын өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө негизделген стратегиялык документтерди даярдоо процессин системалуу деңгээлде баштоо болуп саналат. Бул документ өнүгүүнүн ар кандай багыттары боюнча саясий чараларды аныктап, алардын борборунда калктын саны, адамдын өнүгүшү жана бардык муундарга алардын татыктуу жашоосун камсыз кыла турган ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери турат.

БУУнун калк фондунун кеңсе башчысы Азамат Баялинов аталган тематикалык талкуу мамлекеттик органдардын пикирлерин алып, аларды анализдеп жана стратегиялык мааниге ээ болгон документти иштеп чыгуу үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк болгонун кошумчалады.

Жолугушууга келген бир катар эл аралык эксперттердин пикиринде, Кыргызстан Борбор Азия боюнча демографиялык саясат иштелип чыга турган алгачкы өлкө болуп калышы мүмкүн.

Эксперттердин, илимий, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен дагы кошумча консультациялар өткөрүлмөкчү. Ошондой эле демографиялык процесстерди талдоо жана болжолдоо борборун түзүү маселеси да каралып жатканы белгиленди.