Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11 -августта, өлкөдө аккредитацияланган бир катар чет өлкөлүк атайын жана ыйгарым укуктуу элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ишеним грамоталарын Вьетнам элчиси Нгуен Тхи Хонг Оань, Египет Араб Республикасынын элчиси Маналь Аль Сайед Яхья Аль Шиннави, Шри Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын элчиси Мохан Вижевикрама, Бразилия элчиси Рубем Антонио Корреа Барбоза, Австрия элчиси Вилли Кемпель, Исландия элчиси Аурни Тор Сигурдссон Камбоджа Королдугунун элчиси Ким Хенг Меас жана Уганда Республикасынын элчиси Мухаммад Тезикуба Кисамбира тапшырышты.

Дипломаттарды Ардак кароол тосуп алган соң салтанаттуу азем башталды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө элчилерди дайындалышы менен куттуктап, алардын жигердүү жана максаттуу алып бара турган иштери Кыргызстан менен достук жана өнөктөштүк мамилелерди дагы да бекемдейт деген ишенимин билдирди.

«Биз сиздер өкүлү болгон өлкөлөр менен эки жана көп тараптуу өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Сиздердин алдыңыздарда саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий -гуманитардык кызматташууну тереңдетүү сыяктуу маанилүү милдет турат. Ошол эле учурда, сиздерге бул маанилүү жана жооптуу дипломатиялык ишмердүүлүгүңүздөрдө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенимди билдирип кетким келет», — деп айтты мамлекет башчысы.

Ал бүгүнкү азем маанилүү окуянын босогосунда — Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында өтүп жатканын белгиледи.

Президент бул кыска убакыттын ичинде Кыргыз Республикасы өзүн тынчтыкты сүйгөн, жоопкерчиликтүү жана активдүү эл аралык коомчулуктун мүчөсү катары көрсөтүп, дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун ээлеп турганын баса белгилеп өттү.

Өлкө башчысы мамлекеттин көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн, ошондой эле өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталган ачык-айкындыкка, тең салмактуулукка жана тынчтыкты сүйүүгө негизделген тышкы саясатынын негизги принциптерине да токтолду.

Мамлекет башчысы мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо, демократиялык принциптерди бекемдөө, көз карандысыз сот системасын калыптандыруу, социалдык-экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жана элдин жашоосун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Президент Садыр Жапаров элчилерге алардын маанилүү жана жооптуу дипломатиялык кызматында ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде элчилер өлкөлөр ортосундагы достук алакаларды жана көп кырдуу кызматташууну чыңдоодо жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.