Министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору болуп Рахат Керимбаева дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Буга чейин аталган кызматта Динара Молдошева иштеп келген.