Нью-Йоркто COVID-19 «Iota» деген жаңы штамм аныкталды. Бул тууралуу, алдын ала басылмалар порталынын макаласына таянуу менен Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси, медицина илимдеринин доктору Сергей Токарев билдирди.

Токаревдин айтымында, «йота» штаммынан каза болгондор 82 пайызга чейин жетиши мүмкүн, көбүнчө жаш курагы 45 жаштан жогорку адамдарды жабыркатат, башка мутацияларга салыштырмалуу ал 25 пайызга тез жугат. Ошондой эле ал көбүрөөк патогендүү жана жугуштуу болуп саналат.

Окумуштуулар коронавирус мутациясын улантат жана жаңы штаммдар пайда боло берет деп эсептешүүдө.

АКШнын Улуттук Аллергиялык жана Жугуштуу Оорулар Институтунун директору Энтони Фауки коронавирустун коомдо тынымсыз жайылышынан улам, дүйнөдө вакциналарга туруктуу штамм пайда болушу мүмкүн экенин айткан.