Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын сатып алат. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министринин маалымат кызматы  кабарлады.

Келишимге энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев жана Түркмөнстандын энергетика министри Чарымырат Пурчеков кол койду.

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 27-28-июнунда Түркмөнстанга жасаган расмий сапарында Гурбангулы Бердымухаммедов менен Кыргызстанга электр энергиясын жана жаратылыш газын жеткирүү боюнча алдын ала макулдашкан.

Кол коюлган келишимге ылайык, ушул жылдын август айынан тарта декабрь айына чейин Түркмөнстан Кыргызстанга 501,9 млн кВт саат электр энергиясын берет.

9-августка карата Түркмөнстандан кол коюлган контракт боюнча 19,2 млн.кВт саат электр энергиясы экспорттолду.

Муну менен катар Түркмөнстандан Кыргызстанга жаратылыш газын экспорттоо боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.