Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери селдин натыйжасында жабыр тарткан алыскы айылдарынын тургундары менен бир катар жолугушууларды уюштурушууда.

Райондук милициянын жетекчилиги, прокуратура жана жерликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте күн сайын милициянын көчмө кабылдамасы менен айылдарга чыгышып, жергиликтүү тургундарга ар тараптуу жардамдарды көрсөтүп келишүүдө. Бул сапар, алар Чоӊ-Кызыл-Суу айылында болуп кетишти.

Жеринде милиция кызматкерлери иш кагаздарды толтуруу боюнча жардам көрсөтүп, айыл тургундарынан арыз жана даттанууларды кабыл алышууда. Юридикалык сабаттуулук боюнча баарлашууларды өткөрүп, анын жүрүшүндө өздөрүн жана мүлктөрүнүн коопсуздугун кандай уюштуруу керектигин кеӊири айтып беришүүдө. Андан тышкары, жүргөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик бийлик органдары тарабынан кандай кечиктирилгис аракеттер көрүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымат беришүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө, көпчүлүк жарандар табигый кырсыктан улам зыянга учураган үйлөрдү калыбына келтирүү жана аны баалоо боюнча комиссиянын ишинин жүрүшү менен кызыгышты. Ошондой эле, социалдык багытта, анын ичинде сел жүргөн айылдардын жеринде паспортторду алмаштыруу иштерин уюштуруу боюнча маселелерди ортого салышты.

Өз учурунда, милиция кызматкерлери ар бир арыз жана даттанууларды кабыл алышып, аларды тийиштүү мамлекеттик органдарына чара көрүү үчүн жолдошту. Андан тышкары, жакынкы арада жабыр тарткан калктуу конуштарга мамлекеттик катоо кызматынын өкүлдөрү менен бирге келерин жана паспортторду алмаштыруу боюнча иш-чараларды түздөн-түз жашаган жеринде уюштурарын белгилеп кетишти.

Эске салсак, 29-июлдан 30-июлга караган түнү, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жана Тоң, Жети-Өгүз райондорунда катуу жааган жаан-чачындын кесепетинен улам сел жүрүп, бир катар турак-жайлар талкаланып, айрым тилкелерде жолдор жуулуп, көпүрөлөр жана башка курулуштар бузулган.

 

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы