Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-августта, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Аскат Эгембердиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.

Мамлекет башчысы ЖАМКтын эмгек жамаатын жана ардагерлерин алдыдагы кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу иштерине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Аскат Эгембердиев республиканын жазык-аткаруу системасында (КР ЖАС) жүргүзүлгөн реформалар, санариптештирүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, пенитенциардык системаны каржылоо жөнүндө, ошондой эле КР ЖАС органдары менен мекемелериндеги эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чаралары тууралуу маалыматты ортого салды.

Ошону менен бирге, ал бүгүнкү күндө ЖАМК системасындагы бир катар көйгөйлөрдү, атап айтканда, түзөтүү мекемелеринин инфраструктурасынын жана материалдык -техникалык базасынын эскилиги жеткенин белгиледи.

ЖАМК төрагасы учурда Бишкек шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында №21 жана №47 түзөтүү мекемелерин шаардын сыртына көчүрүү маселеси каралып жатканын билдирди.