Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Интернационал айылында бүгүн, саат 15:10 чамасында тажик тараптан ок атылды. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ок АК-47 автоматынан атылганы аныкталып, аймактык оорукананын терезесин талкалаган. Жабыркагандар жок.

Окуядан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, тажик тарап Интернационал айылына жакын жерде кызмат өтөгөн чек арачыларынын куралын текшерерин убадалаган.

Ушул тапта бул окуя боюнча тиешелүү органдар иликтөө жүргүзүүдө.

Саат 17:00де Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушту. Анда тажик тарап курал текшерүү учурунда андан ок атылбаганын билдирген. Ошол эле учурда тажикстандык өкүл ок кокусунан атылып кетиши ыктымалдыгын белгиледи. Тараптар бул окуя боюнча өз-өзүнчө иликтөө жүргүзүүнү макулдашты.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу.