Учурда борбор калаада бир топ  көчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу, Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматы көчөлөрдүн тизмесин жарыялады.

Маалыматка ылайык, Кытайдын грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабында борбордун 31 көчөсү оңдолуп жатат. Алар:

-Жукеев Пудовкин көчөсү, Ахунбаев көчөсүнөн Кулатов жолуна чейин;

-Сухэ-Батор көчөсү, Каралаев көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин;

-Чортеков көчөсү, Жайыл баатыр көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;

-Турусбеков көчөсү, Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейин;

-Будённый көчөсү, Чүй проспектинен Жибек Жолу проспектине чейин;

-Карасаев көчөсү, Байтик баатыр көчөсүнөн Кара-Дарыя көчөсүнө чейин;

-Кривоносов көчөсү, Лев Толстой көчөсүнөн Тойгонбаев көчөсүнө чейин;

-Матросов көчөсү, Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин;

-Абдымомунов көчөсү, Манас проспектинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

-Ташкент көчөсү, Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

-Көкчө-Тоо көчөсү, Махатма Ганди көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

-Эркиндик проспекти, Жибек Жолу проспектинен Баялинов көчөсүнө чейин;

-Шота Руставели көчөсү, Ажыбек баатыр көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин;

-Ажыбек баатыр көчөсү, Жунусалиев көчөсүнөн Манас проспектине чейин;

-Кулатов көчөсү, Каракульская көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин;

-Түгөлбай ата көчөсү, Орозбеков көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;

-Жайыл баатыр көчөсү, Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин (Арча-Бешик жаңы конушу);

-Өмүр көчөсү, Тимур Фрунзе көчөсүнөн Ашар жолуна чейин;

-Ашар көчөсү, Лущихин көчөсүнөн Өмүр жолуна чейин (Ак-Өргө темир жол бекети);

-Новая көчөсү, Ленская көчөсүнөн Жеңиш конушуна чейин;

-Ак-Босого конушундагы Архитекторлор көчөсү, Киргизия жолунан Кичи Чүй каналына чейин;

-Эне-Сай конушундагы Гидростроитель көчөсү;

-Маликов көчөсү, Гагаринден Лев Толстойго чейин;

-Кара-Жыгач конушундагы Дордой көчөсү, Анкара жолунан Достоевский көчөсүнө чейин;

-Ак-Ордо конушундагы Каркыра көчөсү, Гагарин көчөсүнөн Ак-Ордо көчөсүнө чейин;

-Ынтымак конушундагы Стадионная көчөсү, Абдрахманов көчөсүнөн Магистральная көчөсүнө чейин;

-Арча-Бешик жаңы конушундагы Баба-Ата көчөсү, Бакаев көчөсүнөн Садырбаев жолуна чейин;

-Ак-Өргө конушундагы Жолон көчөсү, Ашар көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;

-Арча-Бешик конушундагы Шералиев көчөсү, Жайыл баатыр көчөсүнөн Ахунбаев жолуна чейин;

-Тимур Фрунзе көчөсү, Гагарин көчөсүнөн Ахунбаев жолуна чейин;

-Шабдан баатыр көчөсү, Ауэзов жолунан Миң-Булак көчөсүнө чейин.

«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасы 10 көчөнү оңдоп жатканы айтылды. Алар:

-Гражданская көчөсү, Курманжан датка көчөсүнөн Төрөкул Айтматов жолуна чейин;

-Армия көчөсү, Кийизбаев көчөсүнөн Мамбетов көчөсүнө чейин;

-Каховская көчөсү, Тимур Фрунзе көчөсүнөн Кривоносов жолуна чейин;

-Месарош көчөсү, жээкке чейин;

-Веселая көчөсү, Жибек Жолу проспектинен Салиев көчөсүнө чейин;

-Алтын-Ордо жаңы конушу, Алтын-Ордо 3-көчөсү;

-Алтын-Ордо жаңы конушу, Алтын Ордо 6-көчөсү;

-Мыскал көчөсү, Махатма Ганди көчөсүнөн Мидин жолуна чейин;

-Кой-Таш конушу, Ахунбаев көчөсүнөн Койбагаров жолуна чейин;

-Республиканский көчөсү, Окрайная көчөсүнөн (ЧЧК) Мыскал жолуна чейин.