Кечээ, 11-августта Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Майты жергесинде 29 млн сомдук аткезчилик жү кармалган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шарттуу чек арадан 500 метр аралыкта чек арачылар жана КР УКМК кызматкерлери эки жүк ташуучу унааны жана бир нече жаранды кыргыз номерлүү унаадан тажик номурлуу унаага көмүр жүктөн жатканын байкашкан. Чек ара кызматкерлери окуя болгон жерге келишкенде алар качып кетишкен. Кыргызстандын бир жараны – Кулунду айылдык аймагынын жашоочусу Н.Б. жана эки унаа кармалган.

Тажикстандын номери тагылган унаага болжол менен 6-7 тонна көмүр жүктөлгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жүктүн жалпы баасы 29 миллион сомдон ашык болгон.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалган жаран, жүк жана унаалар андан ары териштирүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.