Эсиңиздерде болсун! «Бомба» жөнүндө кабарлоо менен сиз коомдук коопсуздукка кол саласыз, уюмдардын, ишканалардын кадимки ишинин тартибин бузасыз, укук коргоо органдарынын олуттуу күчтөрү жана каражаттары башка жакка тартылат, жарандардын кызыкчылыктарына зыян келтирилет ж.б.
«Бомба» (террордук акт) жөнүндө атайылап жалган маалымат бергенден кийин — кылмыш бүттү деп эсептелет.

Билдирүүнүн формасы ар кандай болушу мүмкүн: оозеки жана жазуу, телефон чалуулар түрүндө. Көбүнчө терроризм актысы тууралуу чалуулар анонимдүү түрдө жасалат, бирок кылмыш жоопкерчилиги үчүн кылмышкер өзү жөнүндө маалыматын атадыбы же атаган жокпу ага маани берилбейт.

Сиздин аракетиңиздин мотиви ар кандай болушу мүмкүн: ээнбаштык, укук коргоо органдарынын ишинин «сапатын» текшерүү каалоосу, уюмдардын, ишканалардын кадимкидей иштөө тартибин бузуу ж.б. Ошол эле учурда, маалымат чындыкка дал келбейт, жардырууну жасоонун же калкты коркутуунун жана адамдардын курман болушунун, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүнүн максаты жок.

Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 246-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Кылмыш жасоо үчүн санкцияда 220 миңден 260 миң сомго чейин айыпка (жашы жете электер үчүн 100 миңден 120 миң сомго чейин) же 3 жылга чейин эркинен ажыратууга жазаланат.

ИИМдин Басма сөз кызматы