Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде кайрадан биринчи сапка чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling сайтында жазылды.

Эл аралык федерация Токиодо (Япония) Олимпиада оюндары аяктагандан кийин дүйнөнүн эң күчтүү балбандарынын рейтингин жаңылады.

Ага ылайык, 62 килограммга чейинки салмакта лидерликти дагы эле кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова кармап турат.