Борбор калаанын жаңы мэри шайланганга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Айбек Жунушалиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

45 жаштагы Жунушалиев буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп жаткан.

Бишкек шаарына мэрдин милдетин аткаруучу болуп 10 күн мурда дайындалган Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматтан кеткенин бүгүн социалдык түйүндөр аркылуу жарыялаган. Ал “кызматты тапшырууда эч кандай саясат жок экенин” билдирген.