Үстүбуздөгү жылдын 13-16-август аралгында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо, жайлоолордо жаан карга айланышы күтүлөт.  Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

“14-16-августтарда жана 17-августта түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп:

Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 20…25°, тоо этектеринде түнкүсүн 3…8°, күндүз 14…19°,

Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 19…24°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 25…30°, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26°,

Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 4…9° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат”,-деп айтылат мекеме берген билдирүүдө.